Кыргыз Республикасынын герби
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНМАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНАЖАШТАР САЯСАТЫ МИНИСТРЛИГИ
Себет
Башкы бет
Кыргыз Республикасынын герби
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНМАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНАЖАШТАР САЯСАТЫ МИНИСТРЛИГИ
Биз социалдык тармактарда

Улуттук электрондук билет системасы

Навигация

  • Башкы бет

Маалымат

  • Көп берилүүчү суроолор
  • Колдонуучулук макулдашуу
  • Билеттерди кайтаруу
  • Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук

Байланыш

  • 1225
  • Бишкек ш., Пушкин көч. 78
  • nebs@minculture.gov.kg

© 2026 УЭБС. Бардык укуктар корголгон. КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги. «Түндүк» ААК тарабынан иштелип чыккан

Ысык-Көл
  1. Башкы бет
  2. «Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасы (Кырчын жайлоосу)

«Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасы (Кырчын жайлоосу)

Өткөрүлүүчү жерКырчын капчыгайы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Семёновка айылы
Күнү  —  
КатегорияФестиваль
Жаш чектөөлөр0+

Кырчын жайлоосу — негизги этно-аянтча Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги этно-аянтчасы жайгашып, улуттук маданиятты, каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү, улуттук тамак-ашты жана спортту кеңири тааныткан маданий программа сунушталат. «Кут Ордо» башкы сахнасында: «ДҮЙНӨ-ӨМҮР» театралдык коюму, «Биримдик кербенинин» келиши, республикалык «Шамдагайлар» — боз үйдү ылдамдыкта тигүү жана чечүү, «Жашоо жарыш» сынак-эстафетасы, «Көчмөн кайрык» этно-ырлар, «Бий ыргак» этно-архаикалык бий, «Саркеч» салттуу кийимдер сынактары, ошондой эле кыргыз жана казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт. «Көчмөндөр айылында» ар бир аймактын өз ордосу жайгашып, «Көчмөндөр даамы» улуттук тамак-аш, «Мыкты кыргыз боз үйү», «Уз-уста» кол өнөрчүлүк сынактары жана каада-салттардын театралдаштырылган көрсөтүүлөрү уюштурулат. «Ырыс Ордо» аянтында коомдук бирикмелердин ордолору иштейт. Алардын катарында 20 түрдүү элечекти тааныткан жана ала кийиз жасоо боюнча көрсөтүүлөрдү сунуштаган «Кийиз Дүйнө», «Мекендештер», Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын «Достук-Ордо», санжыра жана салбуурун өнөрүн тааныткан «Жер-Эне», «Ала-Тоо айымдары» бар. Эл аралык «Этно-Базарда» жарманке, көчө өнөрпоздорунун чыгармачылык көрсөтүүлөрү, усталардын жана ашпозчулардын чебер-класстары, «Шамал-фест» фестивалы өтөт. Кечкисин манасчылардын өнөрү тартууланып, телескоптор аркылуу жылдыздуу асманды байкоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Өзүнчө «Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы» аянтында беш континенттин ашпозчуларынын сынагы өткөрүлөт. Ал эми балдар үчүн интерактивдүү оюндар жана көңүл ачуучу программалар менен «Кичи көчмөн» ордосу иштейт. Этношаарчанын спорттук аянтчасында ордо, алыскы аралыкка ат марафону, бүркүт жана куш салуу, кыргыз жана түрк стилиндеги жаа атуу, таяк тартыш, аркан тартыш, сумо, стронгмен, армрестлинг жана башка көрсөтмө мелдештер уюштурулат. Кирүү акысыз.
📍2ГИС менен жетүү

Окшош

«NOMAD FEST» эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы
500 сом
Билет сатып алуу

«NOMAD FEST» эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы

  —   · Сеанстар
«Дордой-Номад» маданий-этнографиялык комплекси
«Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы
500 сом
Билет сатып алуу

«Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы

  —   · Сеанстар
Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борбору, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Карамолдо Орозов көчөсү