КОЛДОНУУЧУ МАКУЛДАШУУСУ №____

Улуттук электрондук билет системасынын

Бишкек ш.

2026-жылдын «____» июну

Ушул Колдонуучу макулдашуусу (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 398-беренесине ылайык ачык оферта болуп саналат, Улуттук электрондук билет системасын (мындан ары – НЭБС) пайдалануу шарттарын аныктайт жана НЭБСтин ээси жана оператору болуп саналган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары – Администратор) менен НЭБСте катталган жана ушул Макулдашуунун шарттарын кабыл алган жеке же юридикалык жактын (мындан ары – Колдонуучу) ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.

Администратор НЭБСти түзүүнү, иштетүүнү, коштоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги.

НЭБС маданият мекемелери жана башка иш-чара уюштуруучулары өткөрүүчү маданий, оюн-зоок, билим берүү, спорттук жана башка иш-чараларга электрондук билеттерди эсепке алуу, брондоо, сатуу жана таратуу үчүн арналган мамлекеттик маалыматтык система.

1. Негизги түшүнүктөр

1.1. Колдонуучу – НЭБСте каттоодон өткөн жана анын сервистерин пайдаланган жеке же юридикалык жак.

1.2. Жеке кабинет – Колдонуучунун НЭБСтеги жекече бөлүмү, ага кирүү логин жана сырсөз аркылуу жүзөгө ашырылат.

1.3. Иш-чара – билеттин, анын ичинде электрондук түрдө таризделген билеттин негизинде барууга болгон маданий, оюн-зоок, билим берүү, илимий, спорттук же башка окуя (спектаклдерди, концерттерди, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, кино көрсөтүүлөрдү, лекцияларды, конференцияларды ж.б. кошо алганда).

2. Жалпы жоболор

2.1. Ушул Макулдашуунун предмети болуп Колдонуучуга НЭБСтин сервистерине жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү саналат.

2.2. Макулдашуу Колдонуучу НЭБСте катталган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

2.3. НЭБСте катталуу менен Колдонуучу ушул Макулдашуунун бардык шарттары менен таанышканын жана аларга макул экенин ырастайт.

2.4. Администратор Колдонуучуларга алдын ала билдирбестен ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүүлөр НЭБСте жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

2.5. Өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин НЭБСти пайдаланууну улантуу Колдонуучунун Макулдашуунун жаңы редакциясына макул экенин билдирет.

3. Администратордун укуктары жана милдеттери

3.1. Администратор милдеттенет:

3.1.1. Болгон уюштуруучулук жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде НЭБСтин иштешин камсыз кылууга.

3.1.2. Колдонуучулардын маалыматын жана жеке маалыматтарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүүгө.

3.1.3. НЭБСтин иштеши үчүн зарыл болгон электрондук маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга.

3.2. Администратор укуктуу:

3.2.1. Ушул Макулдашуунун шарттары бузулган учурларда Колдонуучунун НЭБСке жетүүсүн чектөөгө, токтотуп турууга же токтотууга.

3.2.2. НЭБСке жетүүнү убактылуу чектеген профилактикалык, техникалык, авариялык-калыбына келтирүү жана башка иштерди жүргүзүүгө.

3.2.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жайгаштырылган маалыматты өчүрүүгө.

3.2.4. Колдонуучулардын макулдугун албастан НЭБСтин түзүмүн, интерфейсин, сервистеринин курамын жана функциялык мүмкүнчүлүктөрүн өзгөртүүгө.

3.2.5. Маалыматтык коопсуздукту жана системанын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында каттоодон баш тартууга же Колдонуучунун НЭБСке жетүүсүн токтотууга.

3.2.6. Колдонуучудан идентификациялоо жана НЭБСти пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды суроого.

3.2.7. НЭБСтин иштешинин натыйжасында түзүлгөн ээсиздендирилген статистикалык маалыматтарды талдоо, отчеттуулукту даярдоо жана системанын ишин өркүндөтүү максатында пайдаланууга.

3.3. Администратор НЭБСтин үзгүлтүксүз, тынымсыз жана катасыз иштешине кепилдик бербейт.

4. Колдонуучунун укуктары жана милдеттери

4.1. Колдонуучу милдеттенет:

4.1.1. НЭБСти мыйзамдуу максаттарда гана пайдаланууга.

4.1.2. НЭБСтин иштешин бузууга багытталган аракеттерди жасабоого.

4.1.3. Өзүнүн эсептик маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө.

4.1.4. Кыргыз Республикасынын автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого.

4.1.5. Тиешелүү уруксатсыз НЭБСтеги маалыматты автоматташтырылган түрдө чогултпоого, көчүрбөөгө же таратпоого.

4.1.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген маалыматты жайгаштырбоого.

4.1.7. НЭБСке, анын программалык камсыздоосуна, маалымат базаларына жана башка маалыматтык ресурстарына санкциясыз кирүүгө аракет кылбоого.

4.1.8. Эсептик маалыматтар жоголгон же санкциясыз кирүү фактылары аныкталган учурларда Администраторго токтоосуз билдирүүгө.

4.1.9. Каттоодо анык маалыматтарды берүүгө жана алардын актуалдуулугун камсыз кылууга.

4.2. Колдонуучу ушул Макулдашууга ылайык НЭБСтин сервистерин пайдаланууга укуктуу.

5. Жеке маалыматтар

5.1. Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын НЭБСтин иштеши үчүн зарыл болгон көлөмдө иштетүүгө макулдук берет.

5.2. Жеке маалыматтарды иштетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

5.3. Колдонуучу берилген жеке маалыматтардын аныктыгын ырастайт жана алардын актуалдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

5.4. Администратор НЭБСтин иштешин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жеке маалыматтарды иштетүүгө укуктуу.

6. Интеллектуалдык менчик

6.1. НЭБСтин программалык камсыздоосуна, маалымат базаларына, дизайнына, интерфейсине жана башка интеллектуалдык менчик объектилерине болгон өзгөчө укуктар Администраторго же башка укук ээлерине таандык.

6.2. Интеллектуалдык менчик объектилерин пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектерде гана жол берилет.

6.3. НЭБСте материалдарды жайгаштыруу мындай материалдарга кандайдыр бир мүлктүк укуктардын Колдонуучуга өткөрүлүп берилишин билдирбейт.

7. Тараптардын жоопкерчилиги

7.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

7.2. Администратор төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт: – НЭБСтин убактылуу жеткиликсиздиги; – байланыш тармактарынын, интернет-провайдерлердин жана Колдонуучунун жабдууларынын иштешиндеги үзгүлтүктөр; – үчүнчү жактардын аракеттери; – иш-чара уюштуруучулары жайгаштырган маалыматтардын аныктыгы, актуалдуулугу жана толуктугу; – иш-чаралардын жокко чыгарылышы, которулушу, өткөрүү шарттарынын өзгөрүшү; – иш-чара уюштуруучулары көрсөткөн кызматтардын сапаты; – НЭБСти пайдалануудан же пайдалануу мүмкүн эместигинен улам келип чыккан Колдонуучунун чыгымдары.

7.3. Администратор НЭБСтин иштешин мамлекеттик маалыматтык система катары гана камсыз кылат жана иш-чаралардын уюштуруучусу, билет сатуучу, агент, комиссионер же иш-чара уюштуруучулары менен келүүчүлөрдүн ортосунда түзүлүүчү келишимдердин тарабы болуп саналбайт.

7.4. Иш-чараларды өткөрүүгө, билеттер үчүн акча каражаттарын кайтарууга, иш-чаранын датасын, убактысын же өткөрүлүүчү жерин өзгөртүүгө байланышкан бардык милдеттенмелерди тиешелүү иш-чара уюштуруучусу тартат.

8. Жетүүнү токтотуу

8.1. Колдонуучу НЭБСти пайдаланууну каалаган убакта токтотууга укуктуу.

8.2. Ушул Макулдашуу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда, же болбосо маалыматтык коопсуздукка коркунуч болгондо Администратор алдын ала билдирбестен Колдонуучунун НЭБСке жетүүсүн чектөөгө, токтотуп турууга же токтотууга, эсептик жазуусун бөгөттөөгө же өчүрүүгө укуктуу.

8.3. Эсептик жазууну өчүрүү Колдонуучуну мурда жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.

9. Форс-мажор

9.1. Тараптар алдын ала көрө алышпаган же болтурбай коё алышпаган жеңилбес күч жагдайларынан улам ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

10. Корутунду жоболор

10.1. Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

10.2. Бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.

10.3. Макулдукка жетишилбеген учурда талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралууга тийиш.

10.4. Ушул Макулдашуунун айрым жоболору жараксыз деп таанылса, бул Макулдашуунун калган жоболорунун жараксыздыгына алып келбейт.

Тараптардын реквизиттери

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78 Министрдин биринчи орун басары ________________ С.Н. Надырбеков М.О.